Новости Сообществ

Жамааттар кербени


Жамааттар кербенинин Ыссык-Кол жергесинен катышуучуБакыт Чойтонбаев оздук социалдык тармак баракчасында жаратылышты коргоо боюнча жана тажырыйба алмашуу кербенин тууралуу пикирин, Талас тууларлуу жазды.

"Аксакалдары бата көп айткан
Кең Талас эли меймандос
Арашан - Ата мазарлуу
Табияты келет экен абдан кооз!
Ынтымак чындыкка умтулган
Баатыры коп намыздуу,
Ырыскы кутту улаган
Кыздары сулуу ыймандуу
Айкол -Атабыздын журту экен!

Кудай буюрса Касиеттуу Талас жергесине болгон сапар баарыбызга жакшы таасир этти го деп ойлойм.
Айрыкча Таласта бата көп айтылганы озгочо ой калтырды.
Арашан Ата, Манас Ордо мазар комплекстеринде жана Бай Бол конок үйүндө өзгөчө Кыргыздын касиеттуу жандуулугу менен деми сезилип турат экен.
Табиятка аяр мамиле жасоо жөнүндө кеп кыла турган болсок, негедир кең Талас суусунун озондорундогу токойлордун жана жайлоолордун кунары качып бараткандай көрүнүштөр байкалды.
Жайкы күндүн ысыганынанбы же күз келгенденби суу жеектеп өскөн токойдогу бак дарактар куурап барткандары көп экен. Токой аралап коп машинелер жургондонбу же токой арасын мал жан жана эл көп каптаганданбы экосистема жабыркап баратканы байкалгансыйт." -дейт ал оздук сойиалдык тармак баракчасында