Жамааттар кербенинин Талас жергесинен катышуучу Махабат Сабатарова оздук социалдык тармак баракчасында жаратылышты коргоо боюнча пикирин жазды.
"2021- жылдын 13-16- сентябрь күндөрү Кыргызстандын жети дубанынан келген коноктор Ысык-Көл аймагындагы Ак- Булуң деген жерде болушуп, 17-18- сентябрь күндөрү тажрыйба алмашуу иш сапарын Талас аймагында улантышты. Жергиликтүү элдин жардамы менен сакталып келе жаткан табигый кооз жерлерди көрүп, Ак - Булуңдары куштардын корголуп келе жаткандыгына ,Талас аймагындагы Арашан атадагы булактардын сакталышына,Өзгөрүш айылынын жергиликтүү элинин токойдогу кыргоолдордун жок болуп кетпешине кошкон салымдары аябагандай зор экенине күбө болдук. Тажрыйба алмашуу иш сапарын РДФ фондусу уюштуруп берди. Ушундай кызыктуу иш чара уюштуруп берген РДФ фондусуна терең ыраазычылык билдирет элем. Манас атанын жети осуятынын бири "Табият менен таттуу мамиледе болуу" дегендей жалпы кыргыз элин табиятка аяр мамиле кылууга чакырат элем" - дейт Махабат Сабатарова