Үңкүрдө кышында жылуу суу бууланып турса, жайында муздак суу агып чыгат. Үңкүрдүн аркы бети туюк болуп, суу кайсыл жактан пайда болгону белгисиз. Буттун кызыл ашыгынан келген суунун өлчөмү азайбай дагы, көбөйбөй дагы, бирдей агып турат. Бир убактарда мал, адамдар кирип булгап салган үңкүрдү мындан 3 жыл мурда тосуп, ачкыч менен ачыла турган кылып коюшкан.

Айыл тургуну, мугалим Раимкул Касымов үңкүр тууралуу кызыктар менен бөлүшүп, туристтер келе турган жайга айлантса боло турганын айтты.
«Кичинемде атам ушул үңкүрдө кароол болуп жүргөн. Үңкүр тууралуу көп чындыкка дал келбеген уламыштарды айтып калышат эле. Эң төрүндө дарак бар экен. Ал даракта бир чал кылыч кармап олтурат экен деген сыяктуу уламыштар бар. Орус изилдөөчүлөр келгенин көп көргөм. Кытай изилдөөчүлөрү келип изилдеп, алтын бар экен деп кеткен деп айтып жүрүшөт. Бирок тастыкталган эмес. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш убагында орус изилдөөчүлөр келип, уран алып кеткен деген да маалымат бар. Жакынкы он жылдыкта дагы бир изилдөө тобу реельстерди коюп, жарыктандыруу орнотуп, изилдөө жүргүзүп кетишкен. Угушумча алар бир кен бар, дагы жетиле элек экен деп кетишиптир. Ал эми кыргыз геологдору келе элек. Уран, сымап болгондуктанбы суусу жара чыккан адамдарга дары катары пайдаланылат. Бул жактан алып кетип, жара чыккан адамды жуунтса анча таасири жок болот. Себеби суу муздап калат. Ушул жерде жуунса таасири болот дешет. Үңкүрдөн чыккан сууну ичүүгө болбойт», - дейт Раимкул Касымов.

Узундугу 3 чакырым болгон үңкүрдүн 2-чакырымында көчкү түшүп, ары өтүүгө болбой калган. Көчкүнүн аркы тарабы көлмө болушу мүмкүн.
Раимкул Касымов өзүнүн трактору менен үңкүрдүн ичине кирип чыкканын айтып берди.
«Кызыгуу бар да баары бир. Бир күнү трактор менен келип, досум экөөбүз кирели дедик. Сырттан карасак унаа батпай тургандай көрүндү. Бирок айдап көрүүнү чечип, трактордун жарыгын жандырып кире бердик. 2 чакырым баргандан кийин көчкү тосуп калып, унааны артка айдап чыгып кеттик. Эгер бул үңкүрдүн оозун бууп, тосуп койсо, суу арт жагындагы тешиктерден чыгып, Араванга бараткан жолду алып кетиши мүмкүн. Жаз келгенде жашылданып, жанындагы дарыя менен өтө кооз болуп калат. Ошол убакта эс алуучулар, изилдөөчүлөр, чатыр тигип, балык уулап, эс алып кетишет», - деди ал.
Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү бул үңкүр тууралуу эл оозунда түрдүү уламыштар бар. Көпчүлүк ал жерге кирген адам чыкпай калат. Бир убакта бир топ россиялык изилдөөчүлөр кирип, чыкпай калган деген уламыштарды айтып келишет. Бирок Раимкул Касымов андай окуя болбогонун, балдарын коркутуу үчүн айтылган ата-энелердин жомогу болушу мүмкүн экенин айтты.
Маалымат Turmush басылмасынын маалымат баракчасындан алынды https://www.turmush.kg/news:454175