Мамлекеттик корукту "Табият табигый бойдон калыш керек" урааны менен анын ичинде өсүп жаткан өсүмдүктөрдү, жашаган айбанат жана куштарды сактоо максатында иш алып барат.
Корукка кирүү , мал жайыуу жана башка эрежеге сыйбаган нерселер жасоого болбойт. Ошондой нерселерди коруктун ишкерлери элдерге түшүндүрүп , маалымдап турушат.Кондук айылынын тургундары жана "Кулун-Ата" коругунун ишкерлери (егерлери)
"Жаз жарыш, куз Курөш" демекчи, жазгы иштерди баштады.

Егерлер тарабынан коруктун аймагында рейд, жүрүп, кыш убагында Кулун -Ата коругунун ичинде орун алган жолдун боюнда кулап калган бак-дарактарды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Андан тышкары мал жандыктарды жайыттарга, жайлоого айдоо башталгандыктан, коруктун аймагын кылдаттык менен көзөмөлдөө керек.

Кондук айылынан Кулун-Ата коругуна чейин атайы камданып, ат менен баруу зарыл. Коруктун ичинде егерлер үчүн "кордон" орнотулган. Ошол кордондун ичинде ишкерлер эс алып, жаан - чачындан коргонушат.
Мындай кордондорду коруктун ичинде куруу, албетте оңой болгон эмес.

"Кулун-Ата" коругунун аянты чоң болгондуктан егерлер көзөмөлдөөгө жетишпей калган учурлар болот, коруктун кайтаруу сактоо оор иш, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан табиятыбызды коргоп калуу максатында иш алып барабыз" -дейт егерлердин башчысы Жанболот Төлөнбаев
