
ИЛБИРС» ДЕГЕН СӨЗ «БАТ ЧУРКООЧУ БАРС» ДЕГЕНДИ ТҮШҮНДҮРӨТ;
«Илбирс» сөзүн орус соодагерлери XVII кылымда түрк тилдүү аңчылардан угуп, өз тилдерине ыңгайлаштырып «ирбис» атап алышкан. Илимий эл аралык аталышы – Uncia uncia (синонимиPanthera uncia). Түрк тилине тектеш тилдерде бул жаныбарды «барс» деп аташчу. Кийин «ил» уңгусу кошулуп (ылдам, бат деген мааниде), илбирс аталып кеткен.



